,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

10.07.2024

Кароолор (101)

1980- жылдары эксплуатацияга берилген Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкция болууда

Акыркы кезде өлкө жетекчилиги тарабынан анын ичинде ажобуз Жапаров Садыр Нургожоевичтин жана Улуттук Коопсуздук Кызматынын жана Кыргыз футбол союзунун төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин кыргыз футболун өнүктүрүүгө болгон жигердүү иштерин көрүп келебиз. Ага далил катары бүткүл өлкө аймагында ири футболдук аянтчалар салынып, эскилери реконструкцияланып, көңүл бурууга зарыл болгон спорттук объектилер кечиктирбестен каржыланып оңдолууда. Дени сак улут күчтүү мамлекет демекчи жарандарыбыздын спортко болгон ышкысын ойготууга анын ичинде футбол оюнун өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн мамлекет тарабынан колдоолор сүйүндүрбөй койбойт.

Маалым болгондой 17-май күнү иш сапары менен стадиондун жеринен таанышууга келген УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич президентибиз Садыр Нургожоевичтин түздөн-түз тапшырмасы менен келгенин айтып, борбордук стадиондун реконструкциялоо иштерине акча каражаты бөлүнөөрүн убадаланган.

Азыркы учурда иш жаңыдан башталып куруучу компания оюн аянчасынын үстүнкү катмарын топурактан арылтуу иштерин жүргүзүп жатат. Жумуштун бүтүшү менен Токтогул шаарынын элине стандарттарга ылайык заманбап футболдук аянтча жеткиликтүү болот. Бардык футбол сүйүүчүлөрүн жана ошондой шаар тургундарынын жагымдуу жаңылык менен кубанычын тең бөлүшүп кетебиз.