Токтогул шаары жөнүндө
Токтогул – Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы шаар, райондун административдик борбору. Аталышы кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун атынан берилген. Мурунку аталышы – Муз-Төр. 2012-жылы Токтогул шаарчасы шаар статусуна ээ болгон.
Улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун атын алып жүргөн шаарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-март айындагы №198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык реформасы боюнча Концепциясынын негизинде 2012-жылдын 28-сентябрь айында “Шаар” статусу берилген. Токтогул шаарынын тарыхына кайрылсак, мындан 46-48-жыл мурда азыркы Токтогул шаары жайгашкан жер кумдуу бөз дөбөлөрдөн турган адыр болгон экен. 1968-1969-жылдардан тарта суу сактагычты курууда Кетмен-Төбөлүктөр чоң зыяндарды тартышып, турак жайларын, кооз жерлерин ата-бабаларыбыз таштап, ушул бөз дөбөлүү адыр жерге көчүп келүүгө аргасыз болушкан. Кетмен-Төбөнүн акылман эмгекчил эли көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан райондун борборун Токтогул шаарчасын шаарга айлантып, гүлдөтүп, өстүрүп, өнүктүрүп келе жатат. 1928-жылдан бери Токтогул поселкалык кеңеши болуп түзүлгөн. Ал эми 1996-жылдан 2012-жылга чейин Токтогул поселкалык өкмөтү болгон. Токтогул шаары Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү, Ош-Бишкек автотрассасынын боюнда Бишкек шаарынан 286 чакырым, ал эми Жалал-Абад облусунун 330 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 982 метр бийиктикте. Токтогул шаарынын жалпы аянты 676 га түзөт. Айдоо аянтты жана үлүш жерлер жок.
Токтогул шаары Кетмен-Төбө ойдуңунда жайгашып, Токтогул суу сактыгычынын түндүк жээгинде, Бишкек — Ош жолунун боюнда орун алган. Жаны-Жол айыл аймагынын айылдары менен, тактап айтканда чыгышынан Кара –Тектир айылы, түндүгүнөн Кызыл – Туу айылы, түштүк-батышынан Токтогул суу сактагычы, Кара - Суу жана Жаны – Жол айылдары менен чектешет.
Кетмен-Төбө өрөөнү деңиз деңгээлинен 988 м бийиктикте, климаты кескин контененталдуу, улам жогорулаган сайын континенти азаят январь айынын орточо температурасы – 16 С, июлдуку +23 С, жылдык жаан чачындын өлчөмү 252-500 мм. түзөт.
Жалпы шаар аймагында 10 кичи район, 1 жаңы конуш бар.
Туруктуу калктын саны бүгүнкү күнгө 20826 адам, 3334 кожолук бар. Казак, өзбек, тажик, уйгур, дунган, корей, татар, орус, украин, ж.б. улуттун өкүлдөрү 3 % түзөт. Шаарда 37 райондук маанидеги мекеме-ишканалар жайгашкан. Калктын 32% мекеме ишканаларда иштешет, мындан сырткары шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде 3 орто мектеп, 1 мектеп лицейи, 5 балдар бакчасы, 1 спорт мектеби, 1 балдар чыгармачылык үйү, 1 эс алуу багы (парк), 6000 орундуу 1 стадион, 2 ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ГСВ) бар.
Шаардагы көчөлөрдүн саны -106, жалпы жолдун узундугу 89,2 км, анын ичинен 15,5 км. асфальт жолдор, 70,6 км шагыл жолдор, 3,1 км топурак жолдор.