,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

02.09.2024

Кароолор (58)

2024-жылдын 2 сентябрында Токтогул шаарыда Бекматжанова Акылай атындагы №13 бала бакчанын салтанатуу ачылыш аземи болуп өттү.

Жалпыга маалым болгондой өлкө аймагында келечек жаш муундарга татыктуу тарбия, мыкты билим берүүгө арналган иш чаралар алкагында жаңы мектептер, бала бакчалар байма бай ачылууда. Башкаруу бийлиги тарабынан билим берүүгө, жаш жеткинчектерге шарттарды түзүп берүү жагына өзгөчө көнүл бөлүнүүдө. Ага далил катары бүгүнкү күнү ачылыш аземи болуп өткөн, учур талабына ылайык салынган 75 орундуу бала бакчанын ачылышын атасак болот. Бала бакчанын ачылуусуна сырттан каржы булагын күтпөй, жергиликтүү бюджеттен 32,5 миллион сом акча каражаты карып, шаардык кеңештин депуттары тарабынан бир добуштан колдоого алынып бүгүнкү күнү иш жыйынтыгы болуп отурат.

Салтанатту ачылыш аземге Токтогул райондук администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Мирбек Борбугулов , билим берүү бөлүмүн башчысы жана тиешелүү мекеме жетекчилери, ардактуу коноктор катышып, бала бакчадан өлкөбүзгө күйүмдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору болгон жаш муундардын тарбияланып өсүп чыгышына тилектеш экенин билдиришип , каалоо тилектерин айтышты .