Жаңылыктар
09.05.2024
Кароолор (58)
9-май 2024-жыл Токтогул шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Токтогул шаарынын эс алуу багындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып, куран окулуп, залп атылды.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.К.Өзүбеков майрамдык салтанаттын катышуучуларын Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.
Шаар тургундарына жана конокторуна Токтогул райондук маданият уйунун концерттик программасы тартууланды.
Токтогул шаардык мэриясы тарабынан улуттук спорт оюндарына жана Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерлеринин жесирлерине акча каражаты бөлүнүп берилди.