,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

22.01.2026

Кароолор (7)

Белгиленген графикке ылайык 2026-жылдын 22 январь күнү Арал, Куйбышев айылдарында, Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбековдун жетекчилиги алдында элдик жыйын өткөрүлдү.

Элдик жыйынга шаар мэри менен биргеликте муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү адистер катышышты.Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри Бекмамат Бактыбекович тарабынан Токтогул шаарынын аймагында 2025-жыл аралыгында аткарылган иштер жана 2026-жылга коюлган иш пландар боюнча маалымат берилип, андан соң күн тартибинде каралуучу жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, ички каналдарды, арыктарды тазалоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” жарлыгына ылайык айылдардын тазалыгына кам көрүү, “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү ошондой эле жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо, Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюнчдагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө обьекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү, ашыкча чыгымдарды болтурбоо маселелери каралып талкууланды.

Жергиликтүү тургундар тарабынан электр энергиясы, жер, суу жана социалдык маанидеги маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча аткаруу бийлиги тарабынан кандай иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалыматтар берилди.