Жаңылыктар
28.01.2026
Кароолор (4)
Белгиленген графикке ылайык Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбековдун катышуусунда элдик жыйын 2026-жылдын 27-январь күнү шаарыбыздагы Токтогул мектебинде өткөрүлдү.
Жыйынга Токтогул шаарынын 5, 6, 7, Таласбай кичи райондорунун жана Акжон конушунун тургундары катышышы.
Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри 2025-жылга карата Токтогул шаардык мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача баяндап, ошондой эле 2026-жылга коюлган пландарга токтооду.
Андан соң суроо-жооп форматында жыйын уланып, жергиликтүү тургундар тарабынын көтөрүлгөн жер, суу, энергетика, тазалык, ирригация, балдар ойноочу аянчаларлы куруу, жана башка көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, тиешелүү сунуштар айтылды.