Жаңылыктар
04.03.2024
Кароолор (76)
«Бруцеллездун алдын алуу»

Бруцеллез (лат. brucellosis) - жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллёзду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт.
Жугуу жолдору:
- Мал бала салганда
- Туут учурунда
- Мал союлганда
- Оорунун алгачкы белгиси козгогуч жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Мында алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат: баш катуу ооруп, дене температурасы 39—40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркайт.
- Ооруну алдын алуу: Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек.