,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

05.07.2024

Кароолор (46)

Бүгүн Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Дарманова, шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, медицина кызматкерлери катышты.

Ак халатчандардын кесиптик майрамы менен куттуктап, ак кызматын элдин ден соолугу үчүн жумшаган өмүр сакчыларына ийгиликтерди каалады.

Саламаттыкты сактоо тармагында эмгеги менен айырмаланып, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер Токтогул шаардык мэриясынын Ардак грамоталары белгилери менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде дарыгерлер өздөрүнүн кесиптик майрамын — Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.