,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

04.03.2024

Кароолор (83)

Эхинококкоз

Эхинококкоз (лат. Echinococcosis) — боордо, өпкөдө жана башкалар органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.
Эхинококкоз менен негизинен кишилер жана үй айбандары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башкалар жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде өсүп жетилет да, анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт, тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкалар булгайт.Көбүнчө балдар ит менен ойногондо, митени жугузуп алышат.

Алдын алуу

Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринариялык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көмүп салуу сунуш кылынат. Ит мышыктарды ар бир 3 ай сайын ичеги курттарына каршы дары берип туруу зарыл.