,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

21.01.2026

Кароолор (10)

Элдик жыйындар уюуштурулат.

Токтогул шаарынын мэри Бактыбеков Бекмамат Бактыбековичтин катышуусунда Токтогул шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын жашоочулары менен жеринде маселелерди угуп, аларды чечүү максатында элдик жыйындар өткөрүлөөрүн маалымдайбыз.

Элдик жыйында ар бир жаран өз сунуш-пикирин, көйгөйүн калаа башчысына түз жеткирип тиешелүү жоопторду алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Андыктан келип жыйынга активдүү катышып кетүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Жыйындар төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

Куйбышев айылы

22.01.2026 |  10:00

 Иманбаев мектеби

 Арал айылы

22.01.2026 | 14:00

 Тешебаев мектеби

 Кара-Суу айылы

23.01.2026 |  10:00

 Казатов мектеби

 Комсомол айылы

23.01.2026 |  14:00

 Манас мектеби

 Жаңы-Жол айылы

26.01.2026 |  10:00

 Умаров мектеби

 Кызыл-Туу айылы

26.01.2026 |  14:00

 Мүлкүбат мектеби

 Даңканай, Южводстрой, Топ база кичи райондору

27.01.2026 |  10:00

 Турдуманбетов мектеби

 5-6-7 жана Таласбай, Ак-Жон кичи райондору

27.01.2026 |  14:00

 Токтогул мектеби

 1-2-3-4-кичи райондор

28.01.2026 |  10:00

 Бөкөнбаев мектеби

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы