Жаңылыктар
25.03.2025
Кароолор (16)
География -бул дүйнөнүн жүрөгү" деген темада география мугалимдери үчүн №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде семинар болуп өттү.

16.12.2024
2024-жылдын 16-декабрында Токтогул районуна караштуу билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин өз билимдерин өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу максатында райБББнүн № 72/1 2024-жылдын 11-декабрынын буйругунун негизинде Токтогул районунун билим берүү мекемелеринде окуу тарбия процессин жакшыртуу жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору катары мугалимдердин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу боюнча "География -бул дүйнөнүн жүрөгү" деген темада география мугалимдери үчүн №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде семинар болуп өттү.
Семинарга райБББнүн башчысы Астра Какеновнанын жетекчилиги менен методисттер Асыранкулова Аида, Бекташова Мээрим жана география мугалимдери катышып келишти.
Семинарды география предметинин мугалими Мукамбетова Салидат "Гидросфера жана жер шарында суунун айланышы " 6-класс
Эрмекбаева Ислат
"Жыл мезгилдери" тарбиялык саат 2-класс
Мукамбетова С.К
Акыл таймаш "Жаратылыш жан досум" деген темаларда ачык сабактарды өтүштү.
Жыйынтыгында мугалимдерге райБББнын методисттери жана мугалимдер тарабынан баа берилип, сунуштар айтылып токтомдоштурулду.
Семинарды уюштурган Токтогул районуна караштуу география предмети боюнча усулдук бирикме жетекчиси Касымова Перизат Бактыбековнага, №40 Акылбек Шабданов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Кадыралиева Раткан Жеңишбековнага жана жалпы жамаатына уюштуруп өткөрүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Все реакции:
4Астра Мусуралиева и ещё 3