,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

14.05.2025

Кароолор (1)

Ички көчөлөрдүн абалын жакшыртуу максатында Токтогул шаардык мэриясына караштуу Жаңы-Жол айылынын көчөлөрү грейдерленди.

Грейдерлөө жумуштарынын алкагында Жаңы-Жол айылынын Касым, Намазбек, Бекмырза, Узеке-ата, Бузурман көчөлөрү жана мүрзөгө кетүүчү туура чыккан көчөлөр тегизделип калыбына келтирилди.

Ошондой эле айыл тургуну Кулукеев Эгендин демөөрчүлүгү астында Бузурман көчөсүнө 30 рейс шагыл төгүлүп грейдерленди. Андан сырткары 6 рейс шагыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен айылдын ички жолдорунун орчундуу бузулган жерлерине төгүлүп грейдерленди.

Эске салсак Жаңы-Жол айылынын Бекмырза, Абдрахман көчөлөрүн айылдын генералдык планына ылайык кеңейтүү иштери өткөн жылы жүргүзүлгөн болсо, азыркы учурда Абдырахман көчөсүнүн 900 метр аралыгына арык тартуу иштери башталып, Бекмырза көчөсүнүн 250 метр жерине арык тартуу жумуштары бүткөрүлдү.

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы