,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

25.11.2025

Кароолор (15)

Кара-Суу аймагындагы көрүстөндү тосмо менен курчоо иштери аяктады.

Кара-Суу айылындагы көрүстөндүн 400 метр жерин тосмо менен камсыздоо максатында жергиликтүү бюджеттен 198 000 сом каралган. Бөлүнгөн каражаттын негизинде зарыл материалдар алынып, тосмо куруу иштери айылдын активдүү жаштарынын катышуусу менен толук бүткөрүлдү.

Токтогул шаарынын мэриясы аталган ишти аткарууга салым кошкон айыл жаштарына ыраазычылык билдирет.

Жергиликтүү демилгелерди колдоо жана калк үчүн маанилүү болгон социалдык объекттерди жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.