,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

31.08.2024

Кароолор (69)

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө 33 жыл !

Өлкөбүздүн өз алдынча мамлекет катары түптөлүп, эгемендүүлүк алганынын жыл сайын салтанат менен белгиленүүчү 31-август эгемендүүлүк күнү Токтогул шаарында да салтанаттуу белгиленди. Эгемен өлкөбүздүн 33-жылдык мааракесине райондун бардык мекеме ишкана жетекчилери ошондой эле район тургундары катышышты. Иш чаранын алкагында район аймагындагы мекемелердин парады көрүүчүлөргө көргөзүлүп, Токтогул районунун башчысы аким Тюкебаев Акылбек Алиякунович куттуктоо сөзүн баштап, Токтогул шаарынын мэри Максутбаев Болот Дыйканович жана мекеме жетекчилери жергиликтүү тургундарды ошондой эле өрөөн элин Эгемендүүлүк күнүнүн 33-жылдык майрамы менен куттукташты. Өлкөбүздүн тарыхында эгемендүүлүк алуу оңойго турбаганы, ал үчүн ата-бабаларыбыз эчен кылымдар боюу күрөшүп канын төккөнү, эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз жаран катары салым кошуш керек экени менен бирге жалпы өлкө аймагында болуп жаткан чоң өзгөрүштөр боюунча айтылды. Өрөөнүбүздөн чыккан таланттар тарабынан, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо максатында концерт уюштурулуп берилди. Район элинин социалдык экономикалык абалын жакшыртууга кылган салымдары үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн жарандарбызга ардак грамоталар жана башка сыйлыктар берилди.

Жергиликтүү тургундарга майрамдык маанай тартуулоо максатында кол күрөш, аркан тартыш, алыстыкка секирүү, ордо оюну бойунча спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жергиликтүү спорт сүйүүчүлөрү катышышты. Күчтүүсү аныкталып акчалай сыйлыктар берилди.