,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

26.07.2024

Кароолор (65)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин мекемелер арасында кичи-футбол боюнча уюштурулган ачык чемпионаты өткөрүлдү

Өлкөбүздүн президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин футбол оюнун өнүктүрүү, дени сак улут, жаштар арасында футбол ышкыбоздорунун көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жаткан саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин мекемелер арасында кичи-футбол боюнча уюштурулган ачык чемпионатында Токтогул шаардык мэриясынын курама командасы биринчиликти багындырып турнирдин чемпиону аталды.

Бүйүр кызыткан таймашта Токтогул шаардык мэрия командасы жалпысынан 6 оюн өткөрүп, жарым финалга жолдомо берүүчү оюнда Мамлекеттик КАДАСТР мекемесин утуп алса, финалдык беттеште Токтогул Райондук Ички Иштер бөлүмүн 1-0 эсебинде жеңип жеңүүчү аталды.

Мелдештин мыкты чабуулчусу деп Токтогул шаардык мэриясынын чабуулчусу Каленбаев Шергазы табылса , мыкты коргоочу болуп Көчкөнбаев Алмаз сыйланды.