,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

26.05.2025

Кароолор (9)

Кызыл-Туу айылында 20 жылдыктар муктаж үй-бүлөгө үй салып беришти

октогул шаарынын карамагындагы Кызыл-Туу айылындагы N6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин 2005-жылы бүтүрүүчүлөрү, 1987-жылы туулган айыл жаштары 20 жылдык мааракесине карата муктаж үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү турак жай салып беришти.

Көп жылдан бери эки бөлмөлүү үйдө жашап келген муктаж үй-бүлөгө бүгүн жаңы салынган турак жайдын лентасы кыркылып расмий түрдө ээсине тапшырышты.

Үйдү тапшыруу аземине айылдын аксакалдары, энелери, тургундары жана коноктор катышып, жалпы элдин батасы менен иш-чара өткөрүлдү.

Бул демилге айылдагы ынтымактын, боорукерликтин жана жигердүүлүктүн даана үлгүсү болуп калды. Кызыл-Туу айылынын жаштары баштаган бул салт мындан ары да уланат деген ишеним бар.