Жаңылыктар
02.07.2024
Кароолор (30)
Нөшөрлөп жааган жаандан улам келген селдин кесепеттерин жоюу иштери.

Токтогул шаардык мэриясы тарабынан айыл аймактагы Кара-Тектир айылында болуп өткөн 1 июль күнкү нөшөрлөп жааган жаандан улам келген селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Айта кетсек айыл аймактагы Көдүл суусун бойлой ортоңку жайыттарга катточу жол селдин кесепетинен улам катуу жабыр тарткан. Жер катмары кумдуу болгондуктан агын суу жолду жууп, аң тешиктерди пайда кылган. Сел менен кошо агып келген топурак-кум катмарлары, жер жерлеринде таштар урап автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө бөгөт койулгандыгы аныкталган.
Шаар мэринин тапшырмасы менен жолду калыбана келтирүү иштерине Токтогул шаардык мэриясынын “Булак Суу” ишканасынын оор техникасы тартылды. Жалпы жонунан бир чакырымдан ашуун жол ирээтке келтирилип , айыл тургундарынын ортоңку жайыттарда жайгашкан эгин талааларына тоскоолдуксуз каттосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.