,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

11.12.2025

Кароолор (9)

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 3-февралындагы №42 буйругунун негизинде, Токтогул шаарынын аймагында негизги азык түлүктөргө болгон бааны жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында рейдттик иш-чаралар уюуштурулду.

Иш-чаранын алкагында Токтогул шаардык мэриясынын буйругу менен бекитилген комиссия курамы базарларда жана дүкөндөрдө негизги азык-түлүк катары сыпатталган этке, унга болгон бааны бекитилген баадан ашырбоо, баанын өсүү коркунучун алдына алуу боюнча ишкерлик менен алектенген жарандарга түшүндүрүү иштерин жургүзүп, бир катар шарттар макулдашылды.

Ошондой эле шаар аймагында белгиленген жерден тышкары көмүр сатуу пункттарын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча тиешелүү кызматтар менен биргеликте көзөмөл жүргүзүлүп, ишкерлерге коюлган талаптарды аткаруу, тазалык, санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.