,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

29.01.2026

Кароолор (4)

Токтогул шаардык мэриясы тарабынан мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу максатында көрнөк-жарнактарды талапка ылайык илип коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Токтогул шаардык мэриясы тарабынан мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу максатында көрнөк-жарнактарды талапка ылайык илип коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге талапка жооп бербеген жана эскилиги жеткен жарнактарды алмаштыруу боюнча ишкерлерге эскертүү баракчалары берилип, мониторингдик кыдыруулар улантылууда.

Эске салсак “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” №140 Конституциялык Мыйзамынын 11- беренесине жана 26-беренесине ылайык жарнамалар, кулактандыруулар, прейскуранттар, көчөлөрдүн, аймактык бирдиктердин, обьектилердин аталышы, географиялык аттары ошондой эле көрнөк жарнактар, кулактандыруулар жана башка көрүнө маалыматтар биринчи кезекте мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жазылууга тийиш. Башка тилдердеги текстин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги текстин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылышы зарыл.

Жогорудагы талаптарга ылайык келбеген ишкердик обьектилердин ээлерине 1-мартка чейинки убакытта көрнөк-жарнактарды талаптагыдай кылуу жагы милдеттендирилип, аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодекиснин 107-беренесинин негизинде жеке жактарга 1000 (миң) сом, юридикалык жактарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынаары эскертилди.