,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

12.05.2025

Кароолор (3)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Арал айылы.

Арал айылынын Кенжегара, Касым көчөсүнүн жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо жумуштары жүргүзүлдү.

Сугат учурунда суу танкыстыгын жоюу максатында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, Арал айылын бойлой өтүүчү Куйбышев каналынан 200 дүк труба менен суу тартуу жумуштары жыйынтыкталды.

Күйүүчү майга кетүүчү чыгымдар, трубаларды сатып алуу жагы толугу менен Арал элинин тургундары тарабынан каржыланып ишке ашты. Биримдикте, ынтымакта иш алып баруу менен Арал айылынын Кенжегара, Касым көчөлөрүнүн сугат суу маселелери чечилди.

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы