,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

04.07.2024

Кароолор (71)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Бала-Чычкан айылынын Курсант көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта дээрлик 500 метр жерге асфальт төшөлүп бүттү.

Долбоор Транспорт жана коммуникация министрлигинин каржылоосу менен ишке ашты.

Акыркы мезгилде бүткүл өлкө аймагыбызда, анын ичинде айыл аймактарда инфраструктураны жогорулатууга жана калктын социалдык экономикалык абалын жакшыртууга болгон мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевичтин жана Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин алкышка тете демилгелүү иштеринин үзүрүн көрүп жатабыз. Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү кадамдарында айыл тургундары да ыраазычылык билдирип , болуп жаткан иштерге рахматын айтып өтүштү.

Быйылкы жылдын эсебинен республикалык бюджеттен Токтогул районунун ички жолдорун оңдоп түздөө иштерине жалпысынан 50 000 000 сом каралган. Жакынкы күндөрү ушундай эле иш чаралар аймактын башка калктуу конуштарында улантылмакчы.