Жаңылыктар
13.06.2025
Кароолор (4)
Токтогул шаардык мэриясына караштуу ички көчөлөрдү шагылдоо, грейдерлөө жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аталган жумуштардын алкагында Токтогул шаарынын аймагындагы Азаке көчөсүнө, Таласбай, 7-чи, Топбаза кичи райондоруна, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу, Комсомол айылдарынын бузулган көчөлөрүнүн орчундуу жерлерин шагылдоо жумуштары жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күнү ДЕП-23 мекемесинин оор техникасын колдонуу менен аталган участоктордо төгүлгөн шагылды грейдерлөө жумуштары жасалууда.
Район аймагында пландалган жол салуу, оңдоп түздөө иштери башталгандыгына байланыштуу оор техникага суроо талап көбөйгөндугүн эске алып, жолду сүздүрүү иштерине түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз.