,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

02.07.2025

Кароолор (5)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кара-Суу айылында кичи футболдук аянтчанын ачылыш салтанаты болуп өттү.

Кичи футбол аянтчанын ачылышына Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Сапар Кылданов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, Кара-Суу айылынын футбол сүйүүчүлөрүн оюн аянтчасынын ачылышы менен кызуу куттукташты.

Куттуктоо сөздөрүндө бийлик өкүлдөрү оюн талаасынан дүйнөгө белгилүү спортсмендер чыга берүүсүнө тилектеш экендигин, күчтүү мамлекетти дени сак улут түзөөрүн белгилеп, мүмкүнчүлүктөргө жараша мындан ары да жарандарды бардык ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу иштери улантыла берилээри айтылды.