,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

01.07.2024

Кароолор (35)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кара-Тектир айылында мурдагы эски ФАП имааратын бала бакча кылуу максатында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кара-Тектир айылында мурдагы эски ФАП имааратын бала бакча кылуу максатында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл тургундарынын талабын эске алуу менен бул ишти ишке ашыруу зарылдыгы мезгил талабы болуп келген. Калктын санынын өсүшү менен айыл аймакта мурдагы мектептин эскилиги жеткен имааратында жайгашкан бала-бакча бөлүмү Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги тарабынан кооптуу деп табылган. Натыйжада Токтогул шаардык мэриясы тарабынан каражат каралып, айыл элинин муктаждыктарын чечүү жана жаш жеткинчектерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү максатында бул долбоор ишке ашканы турат.

Имааратты капиталдык оңдоп түзөө иштери бүткөрүлүшү менен айыл тургундарына 200 орундуу жаңы учур талаптарына жооп берген имаарат пайдаланууга берилет.

Токтогул шаардык мэриясы тарабынан Малекеттик сатып алуулар боюнча конкурс жарыяланып, жеңүүчү аныкталып жалпы наркы 7 647 766 сомго ОсОО “Тынч Жыл” ишканасы бул жумушту аткарууга алды.

Аткаруу мөөнөтү: 2024-жылдын 20-августу.