,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

03.07.2025

Кароолор (4)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Комсомол айылынын Манас аймагындагы Сейдимырза, Бообек, Айтбек көчөлөрүнө жаңы электр мамычаларын, зым чубалгыларын, жаңы трансформатор орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында аткарылган иштердин алкагында аталган көчөлөрдү кеңейтүү иштери жургүзүлүп, жалпы 63 даана электр мамычасы, 7,5 чакырым электр зым чубалгылары тартылды. Андан сырткары Сейдимырза көчөсүнө кубаттулугу 250 кВт түзгөн бир даана трансформатор орнотулду.

Ошондой эле Айымжамал көчөсүнө жергиликтүү боюжеттин эсебинен 18 даана жарыктандыруу орнотулуса, электр мамычалары, зым чубалгылары атайын эсеп мамлекеттик мекемеси тарабынан каржыланды.