,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

12.05.2025

Кароолор (5)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кызыл-Туу айылы.

Кызыл-Туу айылынын маркумдар коюлуучу көрүстөндүн айланасын тосуу иштери аяктаяды.

Жалпы аянты 12 гектарды түзгөн көрүстөндү тосуу иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралып, каралган акча каражтаттарына бетон стойка, шарнир сеткалар, тикенек зымдар, кире беришине коюлган дарбазага керектүү жабдыктар алынды.

Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы Кубан Дуйшебаев тарабынан айыл эли уюштурулуп, түркүктөрдү орнотуу, сетка тартуу, дарбаза орнотуу жана башка жумуштары ашар ыкмасы менен аткарылды.

Айыл тургундары демилгени жапырт колдоого алып, жумушчуларга тамак аш, суусундук жана башка колдорунан келген жардамын көрсөтүп турушту.

Учурдан пайдаланып айыл туругундарына, мал кармоочуларга көрүстөндүн ичине мал киргизбөөгө жана көрүстөндү ачкан соң кайра кулпулап кетүү керектигин билдиребиз.

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэрисы