,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

24.11.2024

Кароолор (37)

Токтогул шаардык мэриясына караштуу Кызыл-Туу, Жаңы-Жол, Бала-Чычкан айылдарында жаңылоо зарылдыгы бар электр жабдуулары жаңыланууда.

Жылытуу мезгили жакындап, электр энергиясын колдонуучулар кескин көбөйүүсү, айрым участоктордо электр чыңалуусунун кубаты жетишсиз болгондугун эске алуу менен тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, Токтогул шаардык мэриясына караштуу Жаны-Жол айылынын Төө-Карын , Бала-Чычкан айылынын Мончу участкаларында, Кызыл-Туу айылынын Мээркан көчөсүндө электр мамычаларын орнотуу иштери жүрүүдө. Жакынкы аралыкта ушундай эле иш чаралар Комсомол айылынын Абдувалы, Кызыл-Туу айылынын Ызаналы көчөсүндө, Жаңы-Жол айылынын Кормацевт участкаларында жүргүзүлмөкчү.

Бул иш-чаралардын алдын Токтогул шаардык мэриясынын карамагындагы аймактарга орнотуу үчүн “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемеси тарабынан ТМ 250-кВа, ТМ 160-кВа үлгүсүндөгү 2 даана трансформатор комплектиси менен, разьединитель РЛНД комплектиси менен 2 даана, Ж/Б эл. мамычалары 37 даана, изолятор 148 даана, траверс 37 даана, колпачек 148 даана электр жабдуулары алынып берилген.