,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

04.07.2024

Кароолор (34)

Токтогул шаардык мэриясынын адистери айыл аймактардагы сууга түшүүчү жайларда жарандар жана жашы жете элек балдар арасында сууга чөгүүнү, бөөдө кырсыктарды алдына алуу максатында тушүндүрүу иштерин жүргүзүп келишти.

Жай аптабынын келиши менен сууга түшүү мезгили башталгандыктан сууга түшүү эрежелерин так сактап, кооптуу жерлерге чумкубоо, спирт ичимдектерин ичип алган убакта, эс алуу учурунда балдарды кароосуз калтырбоо, сууга түшүүгө ылайыкташылбаган жерлерге сууга түшүүдөн кармануу керектиги эскертилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:

Сууга түшүү эрежелери:

• Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;

• Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;

• Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;

• Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;

• Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;

• Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

• Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;

• Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер

«Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адамдын өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот»,

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып сууга түшпөөнү да эскертет.