Жаңылыктар
04.07.2024
Кароолор (30)
Токтогул шаардык мэриясынын Кара-Тектир айылында жаандан улам жургөн селдин кесепеттерин баалоо

Токтогул шаардык мэриясынын Кара-Тектир айылында жаандан улам жургөн селдин кесепеттерин баалоо, жеринен таанышып себебин аныктоо максатында комиссия түзүлүп,шаар мэриясынын вице мэри Т.Дарманова , Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү , “Ыңгайлуу шарт” ишканасынын жетекчиси, Кара-Тектир айылынын айыл башчысы жана селден жабыр тарткан айыл тургундары менен биргеликте сел жүргөн жерлер менен жеринен таанышып келишти. Изилдөөнүн натыйжасында мурда курулган суу токтотуучу тосмолордун эффективдүү ишетеп, суунун басымдуу бөлүгүн тосуп токтоткондугу аныкталды. Селдин келип чыгыш себеби тыкыр изилденип , келечекте дагы мындай кырдаалдарды болтурбоо максатында айыл тургундарынын сунуш талаптарын эске алуу менен иш чаралар планы түзүлдү.