Жаңылыктар
19.12.2025
Кароолор (20)
Токтогул шаардында “ Аялдар-коомдогу күч” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы Токтогул шаардык аялдар кеңешинин мыйзамдуулук боюнча иш алып баруу комитеттинин төрайымы Бегматова Зина Абылгазиевна тарабынан “ Аялдар-коомдогу күч” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столго Токтогул шаарынын жашоочулары , Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Р.Намазалиева, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы Ч.Суракматова, Токтогул шаардык аялдар кеңешинин төрайымы А.Тулекеева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аялдардын коомдун өнүгүшүно кошкон салымы, алардын жетишкендиктери жана алдыда турган мүкүнчүлүкүктөр талкууланды. Ошондой эле гендердик теңчилик, аялдардын укуктарын коргоо жана аларды колдоонун маанилүүлүгу айтылып, иш-чара катышуучулары тарабынан аялдарды урматтоого, колдоого жана алардын мүкунчүлүктөрүнө ишенүүгө чакырыктар айтылды.