,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

03.03.2025

Кароолор (24)

Токтогул шаардында мамлекеттик туу күнү белгиленди.

 

3-март Кыргыз Ресупбликасынын мамлекеттик символу Кыргыз Туусунун кабыл алынган күнүнө карата Токтогул шаардында майрамдык иш чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарада шаар аймагындагы меке-ишканалардын кызматкерлери Сүйөркулов көчөсүнөн борбордук аянтка чейин жөө жүрүш жасашты.

Майрамдык иш-чаранын катышуучуларына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Акылбек Түкөбаев , Токтогул шаарынын мэринин орун басары Тахмина Шаршанбековна, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Сапар Кылданов, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Астра Какеновна тарабынан куттуктоо сөздөрү менен катар Бримкулов атындагы мектеп--гимназиясынын тарых мугалими М.Шамшыбекованын мамлекттик туубуздун кабыл алыныш тарыхы, тууда камтылган символдордун чечмелениши жөнүндө маалымат айтылды.

Иш чара соңунда катышуучуларга маданият бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан концерттик программа тартууланды.