Жаңылыктар
01.06.2025
Кароолор (7)
Токтогул шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Майрамдык иш-чара Токтогул шаарындагы маданият үйүндө уюштурулуп, ага шаар жана ага караштуу айыл аймактардан келген жаш жеткинчектер, ата-энелер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.
Келечек ээлерине Токтогул шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Турсунбек Шатманалиев куттуктоо созун айтып, балдар кыздарга жаркын келечек, ар дайым билим алууга умтулуп, эли жерибиздин керегине жараган чыгаан уул кыздардан болуусуна тилектештигин айтып өттү.
Майрамдык маанай тартуулоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 132 аярлуу катмардагы балдар кыздарга акчалай колдоо көрсөтүлүп, андан тышкаркы көрүүчүлөргө балмуздак таркатылды.
Сүрөт тартуу конкурсу уюштурулуп, ага катышкан бардык чыгармачыл улан кыздарга акчалай белек берилди.
Иш-чара балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.