Жаңылыктар
31.12.2025
Кароолор (8)
Токтогул шаарында 2026-жаңы жылды тосуу салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарада Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Асанов, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -акимдин орун басары К.Аттокуров,Токтогул шаарынын мэри Б.Бактыбеков, Токтогул шаардык кеңешинин депутаты А.Тулекеевалар Токтогул шаарынын тургундарын жана конокторун куттуктап, жаңы жыл шаарыбыз үчүн өнүгүүнүн, ынтымактын жана жакшы өзгөрүүлөрдүн жылы болушун жана ар бир үй-бүлөгө бекем ден соолук, береке, бакыт-таалай каалап өтүштү.
Майрамдык иш-чарада кызыктуу оюн-зооктор үчүн Токтогул шаардык мэриясы тарабынан торттор, тартуулар ж.б кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Иш-чарада Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.