,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

03.03.2026

Кароолор (3)

Токтогул шаарында 3-март – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгы жана 5-март – Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди .

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары жана шаар тургундары Сүйөркулов көчөсүнөн тарта борбордук аянтка чейинки аралыкта жөө жүрүш жасашып, шаар тургундарына маанай тартуулашты.

Майрамдык салтанатты шаар мэри Бекмамат Бактыбеков ачып, шаар тургундарын улуттук туу жана ак калпак күнү менен куттуктады. Андан соң борбордук аянтта Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, аскердик бөлүмдүн өздүк курамы тарабынан мамлекеттик туу көтөрүлдү.

Соңунда райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланды.

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы