Жаңылыктар
12.05.2025
Кароолор (8)
Токтогул шаарында ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин айкелинин ачылышы болуп өттү.

Бүгүн Токтогул шаарынын борбордук аянтында кыргыз элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк тапкан, элибиздин таланттуу уулу, Кыргыз Эл Артисти, Кыргыз Элинин Баатыры заманыбыздын даанышман, алп акыны, обончу, дастанчы, төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган эстеликтин ачылыш салтанаты болуп өттү.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, ачылышы бүгүнкүгө белгиленген эстеликтин ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтогул округунан шайланган депутаты Кундузбек Сулайманов, акындын чыгармачылык жолундагы үзөңгүлөшү, замандашы, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо уулу, Токтогул мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Сапар Калданов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, акын сыйлаган чыгармачыл инсандар, жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элмирбек Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, көрөңгөлүү сөздөн кеп салган асыл ой жүгүртүүсү, башкалардан өзгөчө уккулуктуу мукам обону, эл аралык айтыштарда ар дайым курч сөздөрү менен далилденген кыргыз элине болгон сүйүүсү жана сый урматы, кыргыз дегенде алоолонтуп от алган мекенчилдиги менен кылымда бир жаралуучу талант экендиги эскерилип, акындын өзү өлсө да анын чыгармалары дагы кылымдар боюу өлбөй жашай берээри айтылды.
Көрүүчүлөргө акын өзү өстүрүп тарбиялаган Айтыш коомдук фондунун төкмө акындары, Элмирбек Иманалиевдин шакирттери тарабынан комуздун коштоосунда акындык өнөрлөр тартууланды.