Жаңылыктар
20.06.2025
Кароолор (5)
Токтогул шаарында аксакалдар санжыра маданий борбору курулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк” жөнүндө № 157 жарлыгынын алкагында, Токтогул шаарынын Азимкан паркында улуттук архитектуралык боз үй формасында имаратты куруу иштери пландалып, добоордун алкагында “Эл Мурасы” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана шаар мэри Болот Максутбаевдин катышуусунда долбоордун техникалык шарттары талкууланды.
Аксакалдар санжыра маданий борборун куруу иштери өлкө аймагына жайылтылып, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чоң Сары-Ой айылынын Шайбек-Ата участкасында, Жети-Өгүз районунда Барскон, Тосор айылдарында курулуш иштери жүргүзүлүүдө.