,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

24.12.2024

Кароолор (33)

Токтогул шаарында ата-энесинин багуусунан ажыраган томолой жетим балдарга акчалай колдоо көрсөтүлдү

октогул шаарынын мэри Болот Максутбаевдин берген тапшырмаларына ылайык шаар жана ага караштуу айыл аймактардагы ата-энесинин багуусунан ажыраган томолой жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында акчалай жардам берилди.

Иш чара алкагында шаар аймагында аныкталган ата-энесинин багуусунан ажыраган өспүрүм балдарга, кыш мезгилине карата жылуу кийим алып берүү жана жаңы жыл алдында майрамдык маанай тартулоо максатында 70 000 сом акча каражаты каралып, жалпы 10 балага 5000 сом өлөмүндө кийим кечеге жана колдоруна 2000 сомдон колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле жакынкы айылдардан аныкталган 17 балага 26 мин сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Учурунда Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев аткаруу бийлиги тарабынан мындан ары да калктын аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү жагы мүмкүнчүлүктөргө жараша улантылаарын айтып, жаш жеткинчектердин мындан аркысына ийгиликтерди, келечекте мыкты инсан болуп тарбиялануусуна тилектеш экенин билдирип өттү.