Жаңылыктар
23.12.2025
Кароолор (19)
Токтогул шаарында ата-энесинин багуусунан ажыраган жана социалдык колдоого муктаж балдарга колдоо көрсөтүлдү.
Бүгүн 2025-жылдын 23 декабрь күнү Токтогул шаардык мэриясынын имаратында, ата-энесинин багуусунан ажыраган томолой жетим жана социалдык колдоого муктаж балдарды колдоо максатында атайын иш-чара өткөрүлүп, анда Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков жана Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы Сапар Кылданов тарабынан шаар аймагында аныкталган 35 балага жаңы жылдык майрамга карата көңүл көтөрүү жана кубаныч тартуулоо максатында акчалай жардам көрсөтүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө шаар мэри аталган жардам балдардын социалдык абалын жакшыртууга, алардын майрамдык маанайын көтөрүүгө багытталгандыгын, мамлекет тарабынан ар дайым калктын аярлуу катмарына кам көрүп, жардам колун сунганга даяр экендигин белгиледи.
Ошондой эле жаш жеткинчектердин келечекте чыгаан уул кыздардан болуп, жакшы окуп жакшы тарбия алуусуна тилектеш экенин айтып, аларды камкордукка алган атайын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.