,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

08.12.2025

Кароолор (47)

Токтогул шаарында электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясы район аймагында кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.

 

Ошондой эле, райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, мектеп, бала бакчалардын, муниципалдык объектилеринде түнкү убактагы электр энергиясын өчүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары райондун аймагындагы 11 тойкана кечки саат 22:00го чейин өз ишмердүүлүгүн токтоткондугу белгилүү болду.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы райондун тургундарын жана ишкерлерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.