,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

25.03.2025

Кароолор (4)

Токтогул шаарында энелер күнү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги N93 "Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү" Жарлыгына ылайык Токтогул шаарында энелер күнү салтанаттуу майрамы белгиленди.

Иш- чарада Токтогул шаарынын мэри Б.Д. Максутбаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Т.Борбугулов сөз сүйлөп жалпы энелерди куттуктады.

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Тулекеева эмгектеги жетишкендиктери, көп жылдык ак ниет үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан аялдар конгрессинин төш белгиси, калктын аярлуу катмарына кайрымдуулук жардамдарын көрсөткөндүгү үчүн Осмонкулова Анара Акишовнага, эл арасында тазалыкты сактоодо эл менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн Токтогул шаарынын тургуну Зина Касымбаевага жана Токтогул шаарына караштуу Комсомол айылынын тургундары Б.Эсенгуловага, Т.Бердалиевага Токтогул шаардык мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин "Ардак грамоталары"

тапшырылды.

Бул иш-чарага баатыр энелер, ардагер пенсионерлер, аялдар кеңеши, Токтогул шаарына караштуу айыл аймактардын, жана шаардын кичи райондорунун энелери, мектеп, бала бакча кызматкерлери, ДМЧ балдардын апалары катышып аларга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен белектер тапшырылды.

Жалпы энелерге Райондук балдар чыгармачылык үйү жана "Эне тилеги" шайыр апалар тобунан концерттик программа тартууланды.