Жаңылыктар
22.12.2025
Кароолор (22)
Токтогул шаарында энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди!
Бүгүн, 22-декабрь Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар өтүүчү залында Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Шаар мэри куттуктоо сөзүндө энергетиктердин эмгеги жоопкерчиликтүү жана коом үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын алкагында энергетика тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, шаарды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого салым кошуп келе жаткан бир катар кызматкерлерге Токтогул шаардык мэриясынын “Ардак грамоталары” тапшырылды.