Жаңылыктар
18.12.2024
Кароолор (26)
Токтогул шаарында эскилиги жеткен электр шаймандарын алмаштырулууда

Комсомол айылынын Абдувалы көчөсүндө жана Живпром участкасында электр энергиясынын кубаттуулугун артыруу максатында электр шаймандары алмаштырылды.
Абдувалы көчөсүнө орнотуу үчүн “Атайын Эсеп” мамлекеттик мекемеси тарабынан ТМ 250-кВа үлгүсүндөгү трансформатор, ажыратуучу РНЛД толугу менен , 5 электр мамычасы жана ага тиешелүү бардык жабдыктар алынып берилип, учурда орнотуу жана туташтыруу иштери жыйынтыкталды.
Ушундай эле иш-чаралар аталган айылдын Живпром участкасында дагы жүргүзүлүп, кубаттуулугу 160-кВа трансформатор жана эскилиги жеткен 12 даана электр мамычасы толук шаймандары менен алмаштырылды.