Жаңылыктар
15.09.2025
Кароолор (5)
Токтогул шаарында эттин баасы көзөмөлгө алынат

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов Токтогул шаарында эттин баасын көзөмөлгө алуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте эт сатуу менен алектенген соодагерлер менен жолугушту.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы «Кыргыз Республикасынын аймагында этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №140 буйругунун алкагында уюуштурулуп, соодагерлерге эттин баасын белгиленген баадан ашырбоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жүргүзгөн мониторингине ылайык Токтогул шаарында уй эти 630 сом, кой этинин баасы 650 сомдон ашпай жарандарга жеткиликтүү болуусу зарыл экендиги белгиленип, 90 күндүк мөөнөткө мамлекет тарабынан баалар жөнгө салынаары айтылды.