Жаңылыктар
04.07.2025
Кароолор (4)
Токтогул шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Салтанаттуу иш чара Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар өтүүчү залында уюштурулуп, ага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Тахмина Дарманова, жергиликтүү мекеме ишкана жетекчилери жана медицина тармагында эмгектенген жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышты.
Медицина тармагында ийгиликтүү эмгектенип, калктын салматтыгын сактоо тармагында кошкон салымдары үчүн айырмаланган кызматкерлерге Токтогул шаардык мэриясынын ардак грамоталары жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган акча каражаттары берилди.