,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

19.12.2025

Кароолор (20)

Токтогул шаарында мектеп окуучулар арасында "Жаш жаратман" аттуу кароо сынагы өткөрүлдү.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы "Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлүгү жөнүндө " № 14 жарлыгынын алкагында, жаш өспүрүмдөрдүн өздүк өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, алардын күчтүү энергиясын коомдук иштерге жана чыгармачылыкка буруу максатында уюуштурулуп, Токтогул шаарынын № Токтогул мектебинде өткөрүлдү.

Сынакта таланттуу окуучулар тарабынан жасалган кийизден буюмдар, боз үйдүн кичирейтилген үлгүсү, архитектуралык курулуштардын макети, жана башка көл өнөрчүлүк буюмдар калыстардын назарына тартууланып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында 1 орун Токтогул мектебинин окуучучусу Нургазиев Азим, 2 орун Бөкөнбаев мектебинин окуучусу Майрамбекова Айдана, 3 орунга Балдар Чыгармачылык Үйүнүн тарбиялануучусу Казакбаева Анжелина ээ болуп, жеңүүчүлөргө Токтогул шаардык мэриясынын кызыктыруучу сыйлыктары жана ардак грамоталары тапшырылды.