Жаңылыктар
13.12.2025
Кароолор (10)
Токтогул шаарында окуучулар жана шахмат сүйүүчүлөр арасында турнир уюуштурулду
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” N1 жарлыгынын алкагында Токтогул шаарында окуучулар жана шахмат сүйүүчүлөр арасында ынтымакты чыңдоо менен катылган таланттарды ачуу максатында “Токтогул шаарынын мэринин кубогу 2025” спорттук турнири уюуштурулуду.
Турнирге Токтогул шаарынын мектептеринен чыккан спорттун шахмат түрү боюнча алектеген жаш спортчулар жана шахмат сүйүүчүлөр катышышты.
Мелдешти Токтогул шаарынын мэринин орун басары Дарманова Тахмина Шаршанбековна ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалап, шахмат бул оюн гана эмес келечекте турмушта колдонулуучу комбинациялардын топтому экенин айтып өттү.
Терең стратегиялык ойлонууну жана ырааттуу кадамдарды талап кылган шахмат биринчилигинде окуучулар арасында эң көп упайларды топтоо менен төмөнкү спортчулар жеңүүчү аталышты.
1-орун. Чакырбаев Айберг
2-орун. Разыбеков Нуртилек
3-орун. Жусупов Иса
4-орун. Корумбаев Арлен
Ал эми улуу муундун арасында
1-орун. Таштанбекова Асель
2-орун. Курбаналиев Дүйшөнаалы
3-орун. Корошов Карыбек
4-орун. Медетбеков Омор
Ошондой эле “Эң жаш шахматчы”, “Аксакал шахматчы”, “Мыкты уюуштуруучу”, “”Мыкты калыс” номинацияларында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.