,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

09.07.2025

Кароолор (12)

Токтогул шаарында социалдык контракт программасы улануда.

Жеке иштерин өз алдынча баштоого шарт түзгөн мамлекеттик социалдык контракт программасынын алкагында жазылган шаар аймагында жөлөк пул алуучулардын бизнес долбоорлору социалдык маселер боюнча комиссиянын отурумунда каралды.

Программанын катышуучулары тарабынан мал жандыктарын алуу, соода сатык, кондитердик цехтер, кийим индустриясы жана башкалар жөнүндө даярдалган долбоорлор комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүлүп, долбоордун алкагында иш ашуучу бизнес идеяларын кеңири түшүндүрүштү.

Эске салсак 2024-жылга карата Токтогул шаарынын аймагынан жалпы 272 үй-бүлө 100 000 сом өлчөмүнө жеке иштерин өркүндөтүүгө социалдык контракттын негизинде мамлекеттен көмөк алышса, быйылкы жылга карата 100 үй-бүлөгө 150 000 миң сом өлчөмүндө жардам берилээри пландалууда.