,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

12.05.2025

Кароолор (6)

Токтогул шаарында Улуу жеңиштин 80-жылдык мааракеси белгиленди.

9-май жеңиш күнүнө карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Улуу жеништин 80-жылдык мааракеси Азимкан паркынын кире беришинде жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүл чамбар коюу менен башталып, согуштун катышуучуларынын урматына минуталык жымжырттык өкүм сүрдү. Залп атылып, курман болгон аскерлерге багышталып куран окутулду.

Иш чаранын салтанаттуу бөлүгүн Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев ачып берип, ага улай Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев салтанаттын катышуучуларын улуу жениш күнү менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө мындай алаамат согуш адам затынын тарыхында түбөлүккө кара так болуп калаары, улуу жеңишке жетүү үчүн кыргыз өлкөсүнөн, анын ичинен Токтогул районунун аймагынан да нечендеген эр азамат аскерлер өз жанын курмандык кылганын эскерди. Согуш бул адамзаты үчүн эң чоң мүшкүл жана трагедия экендигине токтолуп, мындан ары дүйнөдө тынчтык гана өкүм сүрүп, өлкөбүз жай турмушта, бакубат жашоодо жашаарына тилектеш экендигин билдирди.

Андан соң көрүүчүлөргө Токтогул районунун күч түзүмдөрү тарабынан атайын даярдалган аскердик парад көрсөтүлүп, салтка айланган жергиликтүү тургундардан турган Өчпөс Полк акциясынын жүрүшү болду. Театралдашкан номерлер, концерттик программалар Токтогул районунун маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан улантылып, соңунда N 7006 аскер бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан даярдалган аскерий спорттук ыкмалар көргөзүлдү.

Жарандарга майрамдык маанай тартуулоо максатында спорттун кол күрөш, аркан тартыш, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай белектер ыйгарылды.

#токтогул

#токтогулшаары

#токтогулшаардыкмэриясы