Жаңылыктар
25.12.2025
Кароолор (16)
Токтогул шаарында заманбап спорттук комплекс пайдаланууга берилди.
Токтогул шаарында жаштарды сергек жашоого үндөп, терс жоруктардан алдын алуу максатында курулган спорттук комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш салтанатынына Токтогул Райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин орун басары К.Аттокуров, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Дарманова, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы С.Кылданов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, спорт сүйүүчүлөр жана шаар тугундары катышышты.
Ачылыш Кыргыз Республикасынын Элдик курултайынын төртүнчү чакырылышынын алкагында өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров онлайн форматта катышты.
Спорттук комплекс “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемеси жана Токтогул шаардык мэриясы тарабынан каржыланып, шаар жашоочулары үчүн чоң белек болду.
Долбоорду ишке ашыруу региондо социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналып, шаар тургундарына, өзгөчө жаштарга спорт менен системалуу түрдө машыгууга мыкты шарт түзөт.