Жаңылыктар
10.02.2025
Кароолор (97)
Токтогул шаарында жана район аймактарында зыянкеч жапайы жырткычтар жок кылынууда.
Үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү Токтогул райондук мергенчилер коому тарабынан жок кылынган жапайы жырткычтарга сый акы уюштуруу жана аларды жеринен актылап андан ары жок кылуу максатында район аймагынан атылган чөө, карышкырлар алынып келинди.
Шаар аймагынан жана жакынкы аймактардан келген мергенчилер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты. Жалпысынан Кетмен-Дөбө, Суеркулов, Токтогул шаарынын аймактарынан 45 чөө, 2 карышкыр атылып, анын ичинен Токтогул шаардык мэриясына караштуу айылдардан 16 чөө олжолонгон.